"Өкмөттө бюрократия машакаты азайды" дейт Темир Сариев
"Өкмөттө ашыкча макулдашуулар жана бюрократиялык убаракерчилик азайтылды",- деп билдирди премьер-министр Темир Сариев 5-сентябрда Жаш ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушууда. Сариев учурда мамлекеттик
органдардагы тартипти жөнгө салуу жана талапты күчөтүүгө аракет көрүлүп жатканын билдирди.
Автор: Автандил Добулбеков
“Биздин негизги талап - тартипти жөнгө
салуу. Тартипти жөнгө салмайынча иштин
эффективдүүлүгүн жогорулатуу болбойт. Ошондуктан мамлекеттик
органдардагы ички тартипти жөнгө салуу менен алардын иштөө стилин
өзгөртүп жатабыз. Мунун негизинде министрликтердин жоопкерчилиги
жогорулады”,- дейт өкмөт башчысы.
Жол-кайгуул кызматы системин реформалоо боюнча документтер иштелип чыкканын айткан премьер: “Өлкөдө өнүгүүнүн аныкталган багыты бар. Учурда өлкө үчүн маанилүү болгон бир нече долбоорду ишке ашыруунун үстүнөн иштеп жатабыз",- деди.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео