super.kg logo
  Саясат  

Бишкекке кышка чейин кошумча 20 көмөк чордон орнотулат

 
Бишкекти электр жарыгынан кем кылбоо үчүн кышка чейин шаарга кошумча 20 көмөк чордон орнотулат. "Түндүк электр" ишканасынан билдиришкендей, акыркы жылдары кышкысын электр кубатын бөлүштүрүү түйүндөрү басым менен иштеп жатат. Айрым райондордо көмөк чордондор өтө жогорку басымда иштегендиктен жабдуулар иштен чыгып, авариялык өчүрүүлөр көбөйүп жатканы айтылды.
Быйыл кышка чейин Чүй облусуна 25, Талас облусуна 16 көмөк чордон орнотулмакчы. "Быйылкы жылдын 1-сентябрына чейин Бишкек шаарына 12, Чүй облусуна 16, Талас облусуна 12 кошумча көмөк чордон коюлду",- деп билдирет мекеме.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: