super.kg logo

Тажикстанда кылмыштуу топту жок кылуу боюнча операция аягына чыга элек

 

Тажикстандын Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети өлкөнүн мурунку коргоо министри Абдухалим Назарзода баш болгон кылмыш тобуна каршы операцияны биргеликте улантышууда. Бул тууралуу өлкөнүн ИИМинин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-сентябрда операциянын жүрүшүндө кылмыштуу топтун 4 мүчөсү өлтүрүлүп, дагы 7 мүчөсү колго түшүрүлдү. Мындан тышкары табылган курал-жарактардын арасында 18 автомат бар экени маалым болду.

"Тажикстандын Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кылмыш тобун жок кылууда жардам көрсөткөн жарандарга ыраазычылыгын билдирет. Өлкөнүн күч түзүмдөрү Рамит капчыгайында А.Н.Назарзоданын террордук тобун жок кылуу боюнча операциясын улантууда",- деп жазылат ИИМдин расмий маалыматында.

Эскерте кетсек, 4-сентябрда таңга маал кылмыштуу топ Дүйшөмбүгө жакын жайгашкан Вахдат шаарынын Ички иштер башкармалыгына куралдуу чабуул жасаган. Ошол эле күнү борбор калаадан аэропортко барчу унаа жолунда согушчандар менен милициянын ортосунда да ок атышуу болгон. Кечээ, 5-сентябрда өлкөнүн күч түзүмдөрү Дүйшөмбү шаарына жакын аймакта кылмыштуу топко каршы операцияны башташып, анын жүрүшүндө топтун 32 мүчөсүн кармап жана 13үн өлтүргөн. Ал эми милиция кызматкерлеринен 9 адам курман болуп, 6 жаракат алган. Мындан кийин кылмыш тобун башкарган экс-коргоо министри Абдухалим Назарзода 7-8 шериги менен Дүйшөмбү шаарынан 150 чакырым алыстыктагы Рамит капчыгайына жашынганы айтылган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
07.09.2015. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коргоо министри болсо Таджикстандын бут слабый жерин билип бутуптур да ошого аягына чыга элек го дейм.
07.09.2015. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озоктон чыккан от жаман,озундон чыккан жат жаман деген ушуда тезинен тируулой кармап жазалаш керек
07.09.2015. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Министр реформа жасагысы келген окшойт
07.09.2015. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
афганистанга качып кеткиле.
07.09.2015. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саткындар сатып коюшса керек.
07.09.2015. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алар террорист эмес, аскердик оппозициялык кыймыл болуп жатпайбы.
07.09.2015. 05:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
биз дагы ошондой чанымчылдыктан сак бололу туугандар!Озгочо шайлоодон сон!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: