Сокулук районунда эки унаа кагылышып, улгайган адам көз жумду
Чүй облусунун Сокулук районунда (Бишкек-Ош унаа жолунда) Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа менен БМВ-525 үлгүсүндөгү унаа кагылыша кетип, 78 жаштагы байбиче каза болду. Бул тууралуу 7-сентябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалым болгондой, кырсык 5-сентябрь күнү саат 18:00 чамасында болгон. Каза болгон жаран Хонда Фит унаасында болгон. Аны менен бирге бара жаткан 81 жаштагы абышка жаракат алып, ал ооруканага жаткырылды. Аталган унаанын ээси Чүй облусунун 21 жаштагы тургуну болгон. Экспертизалык топ түзүлүп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.