Серепчи: «Өлкөдө бейөкмөт уюмдар үчүн демократиялык мейкиндик чектелип бара жатат»





«Өлкөдө бейөкмөт уюмдар үчүн демократиялык мейкиндик чектелип бара жатат». Мындай пикирин бүгүн, 7-сентябрда «Саясий мейкиндикти кеңейтүү жана бекемдөө аркылуу Кыргыз Республикасында адам укуктарын күчөтүү» деген аталыштагы тегерек столдун жүрүшүндө бейөкмөт уюмдун өкүлү Аида Байжуманова билдирди. Анын айтымында, учурда Жогорку Кеңештин биринчи окуусунан өткөн «Чет өлкөлүк агенттер» жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынса, алардын уюмдары жабылышы мүмкүн.
«Биздин саясий чөйрөдө дискриминациялык демилгелер пайда болууда. Эгер жаңы мыйзам долбоору жактырылса, ал чет өлкөлөр тарабынан каржыланып жаткан көптөгөн бейөкмөт уюмдардын жабылышына алып келет. Бул нерсе өз учурунда коррупциянын өсүшүнө жол берет. Андыктан активисттер жарандардын биригүүлөргө жана тынч жыйындарга эркиндиктерге укуктарын чектеген мыйзамдык демилгелерге тынчсызданганын билдиришет. Жарандык коомчулук өз укуктарын жүзөгө ашыра алышы үчүн жагымдуу чөйрө менен камсыз болушу керек»,- деди Байжуманова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
kubat_1973

07.09.2015. 11:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чет жердин акчасын алып токочун жеген бейокмот аталган уюмдарды албетте жабыш керек жаап эле койбой такыр тыюу салган законду кабыл алуу зарыл.Жалан кыргыздын биримдигине ынтамыгына эркиндигине шек келтирген жалан ушул коомдор ушулардын активистери демократиянын атына жамынып алып.Тынчылар экени жалганбы жалан батыштын ырын ырдап гейлердин укугун коргоп бирдеме десе эле эки катын уруша кетсе деле ушулар журот Адам укугу демиш болуп а тупкурундо ой максаттары такыр башкача.
Sake80

07.09.2015. 13:52
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаап туруп озулорун кууп жибериш керек америкасына
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.