Токтогулдун жашоочулары “Өнүгүү-Прогресс” партиясы менен чогуу









"Быйылкы парламенттик шайлоодо таза иши менен оозго алынган партиялар гана өтө алышат". Мындай пикирди “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын өкүлдөрү менен жолугушууда Токтогул районунун жашоочулары билдиришти. Партиядан билдиришкендей, алар 24 жыл аралыгында өлкөдө жүргүзүлгөн саясат элдин жашоосун артка тартып, убадалар аткарылбаганын айтышты.
Маалыматка ылайык, Бакыт Төрөбаев эл алдында сөз сүйлөөдө “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын экономиканы өнүктүрүү боюнча так программасы бар экенин, мунун алкагында “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы антикризистик программа менен чыгып, кризиске каршы майнаптуу программаны сунуштап жатканын айтты. Анын негизги максаты – тышкы, ойго келбес окуялардын шарттарында ар бир жарандын жашоо деңгээлин жогорулатуу.
"Мындан тышкары бул программа комплекстүү жана турмуштун бардык чөйрөлөрүн камтуу менен Кыргыз Республикасынын географиялык чектеринен чыгып, ЕАЭБдин керектөө базары менен тыгыз чырмалышкан. Абдан маанилүү нерсе – бул мамлекеттин энергетикадагы, тоо-кен жана агрардык өнөр жайындагы, аэропорт, темир жол сыяктуу инфратүзүмдөрдөгү чачыранды активдерин топтоо максатында "Калк-Казына" мамлекеттик акционердик коомун түзүү. Бул өлкөбүздөгү ишканалардын потенциалын жана башка экономикалык ресурстарды кыйла майнаптуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет",- деди Төрөбаев.
Материал "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду



