super.kg logo

Аксы эли "ата мекенчилерди" ак бата менен чоң жарышка узатты

 
Аксы районунун борборуна “Ата Мекен" партиясынын программасын, платформасын угуу үчүн жаштардан улгайган адамдарга чейин чогулушту. Партиядан кабарлагандай, Өмүрбек Текебаев баштаган “ата мекенчилерди” жылуу тосуп алган 5 миңден ашуун эл “Ата Мекен” колдоого алууга татыктуу экенин көргөздү. Өз сөзүндө Өмүрбек Текебаев турак жай, миграция, коррупция жана кылмыштуулук менен күрөшүү багытында атайын мыйзам долбоорлору даярдалганын, бирок саясий кызганычтардан улам ишке ашпай калганын билдирип: "Эгер бул мыйзамдар колдоого ээ болгондо, миңдеген кыйынчылыкта калган атуулдарга жардам болмок",- деди.
"Ата Мекен партиясынын талапкерлеринин сап башында тургандардын бири Аида Салянова: “Ата Мекен” -ишенимдүү тандоо. Балдарыбыздын жаркын келечеги үчүн добуш берели”,- деп чакырык таштап, шайлоочуларды ар кандай күнүмдүк акча жана башка шайлоонун шайтан оюндарынын курмандыгы болуудан алыс болууга чакырса, “Ата Мекен” партиясынын тизмесинде Аксы районунан эки атуул: Шавкат Асанов жана белгилүү журналист Шайырбек Абдырахманов депутаттыкка аттанып жатканы айтылды.
Партиянын программасын, платформасын жактырган Аксы эли шайлоого аттанган "ата мекенчилерге” ак бата берип, улуу жүрүштө ийгиликтерди каалады.
Үгүт кербени Ала-Бука районунун эли менен жолугушканы, партиянын миңдеген жактоочулары стадионго чогулуп, программа, түзүлгөн пландарды угуп келечекке болгон үмүттөрү ойгонгону айтылат маалыматта. "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев аймакта бүгүн да уюшкан кылмыштуу топтордун таасири бар экенин айтып, аларды түп-тамырынан жок кылуу партиянын негизги багыттарынын бири экенин айткан.
Ала-Бука районунда жайгашкан алтын кендерди мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгына пайдалануу, жергиликтүү калкты иш менен камсыздоо, эмгек мигранттарына ылайыктуу шарттарды жаратуу зарылдыгы кошумчаланды. 
Аида Салянова өлкөдө коррупция менен күрөштү бир гана "Ата Мекен" партиясы ишке ашыра аларын айтса, кыргыз улуттук дөөлөтүнүн кайра жаралышына чоң салым кошкон "Ата Мекендин" ишенимдүү талапкери Садык Шер партиялардын түзүлүшү, жаралышы туурасында айтып жатып: "Өлкөбүздө жалгыз "Ата Мекен" партиясы өз идеологиясы менен өзүнүн тарыхын жаратып, келечекте чоң үмүттөргө жол ачты",- деди.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: