Тажикстандагы кырдаалга байланыштуу кыргыз-тажик чек арасы күчөтүлгөн режимде иштей баштады
Тажикстандагы кырдаалга байланыштуу кыргыз-тажик чек арасы күчөтүлгөн режимде иштей баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Коопсуздукту күчөтүү максатында чек арага кошумча жоокерлер жиберилди. Ошондой эле эки мамлекеттин чек арачылары абалга байланыштуу ыкчам маалымат алмашуу менен иштеп жатышат.
Айта кетсек, 4-сентябрда таңга маал кылмыштуу топ Дүйшөмбүгө жакын жайгашкан Вахдат шаарынын Ички иштер башкармалыгына куралдуу чабуул жасаган. Ошол эле күнү борбор калаадан аэропортко барчу унаа жолунда согушчандар менен милициянын ортосунда да ок атышуу болгон. 5-сентябрда болсо өлкөнүн күч түзүмдөрү Дүйшөмбү шаарына жакын аймакта кылмыштуу топко каршы операцияны башташып, анын жүрүшүндө топтун 32 мүчөсүн кармап жана 13үн өлтүргөн. Ал эми милиция кызматкерлеринен 9 адам курман болуп, 6 жаракат алган.
Кылмыштуу топту башкарган өлкөнүн экс-коргоо министри Абдухалим Назарзода бир канча шериги менен Дүйшөмбү шаарынан 150 чакырым алыстыктагы Рамит капчыгайына жашынганы айтылган. Учурда аны кармоо боюнча аракеттер жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
aiba91kg

07.09.2015. 12:16
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жабып эле салыш керек ,Боор оорусан борго тебет булар.
bektursun2010

07.09.2015. 16:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жакшы болмок жапса
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.