super.kg logo
  Саясат  

Ички иштер министрлиги: "Шайлоодо атайын тополоң чыгаргандарга катуу чара көрүлөт"

 
Ички иштер министрлиги бүгүн, 7-сентябрда саясий партиялардын лидерлерине кайрылып, партиянын штабы жайгашкан кеңселерди кайтаруу ишине олуттуу көңүл бурууга чакырды. Парламенттик шайлоо маалында коопсуздук чараларын күчөтүү: видеокамераларды орнотуу, терезелерге темир торлорду каптоо, өрт коопсуздугуна алдын ала кам көрүү, штабга түнкүсүн нөөмөтчү коюуну сунуштады. 
"Шайлоого карата 2280 шайлоо тилкесинде коомдук тартипти 8000 милиция кызматкери жана 8000ден ашык элдик кошуундун өкүлдөрү көзөмөлдөшөт. Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрү шайлоо бюллетендерин даярдоо учурунда аларды сактап, коргоону камсыздайт. Шайлоо алдындагы кырдаалды эске алуу менен комплекстүү иштер жүргүзүлөт. Атайын тополоң чыгарууга аракеттенгендерге катуу чаралар көрүлөт",- деп билдирди ИИМ. 







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: