АКШнын Кыргыз Республикасындагы жаңы элчиси ишин баштады

Тышкы иштер министринин орун басары Эмил Кайкиев бүгүн, 7-сентябрда АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Шейла Гуолтни менен жолугушту. ТИМдин билдиришинче, жаңы дайындалган элчи министрликтин өкүлүнө Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Тараптар өлкөлөр ортосундагы мамилени өнүктүрүү тууралуу пикир алышканы айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, АКШнын кыргыз жериндеги мурунку элчиси Памела Спратлендин дипломатиялык миссиясы былтыр аяктаган. Учурда ал АКШнын Өзбекстандагы элчиси кызматында.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

