super.kg logo
  Саясат  

“Улуу Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Зорбек Бийзаев 2 жылдан берүү издөөдө жүргөнү айтылды

 

Бүгүн, 7-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын кезектеги жыйынында “Улуу Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Зорбек Бийзаев 2 жылдан берүү издөөдө жүргөндүгү белгилүү болду. Жыйында ИИМдин өкүлү Мурат Капаров Бийзаев мындан 2 жыл мурун 22 килограмм 500 грамм күмүш менен кармалганын айтты. 

Бийзаевге Кылмыш жана жаза кодексинин 208-беренеси (баалуу таштарды мыйзамсыз сатуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Ал кармалып, бирок тиешелүү экспертизалар даяр болбогондуктан коё берилип, кийин качып кеткен. Бийзаев 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө камалышы мүмкүн”,- деди ИИМ өкүлү.

Бул боюнча БШК мүчөсү Канатбек Азиз: “Талапкер эки жылдан бери Ош-Бишкек каттамы боюнча кенен учуп жүргөндүгү жөнүндө тиешелүү кагаздарын көрсөттү. Ал издөөдө жүргөнүн бизден укканын айтты”,- деди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: