super.kg logo

"Өнүгүү-Прогресс" партиясынын төрагасын Кара-Көл шаарынын тургундары колдоого алышты

 
“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаевди Кара-Көл шаарынын тургундары жакшы маанайда тосуп алышты жана партиянын аткарып жаткан иштерине ыраазычылык билдиришти. Партиянын штабынан билдиришкендей, кара-көлдүк шайлоочулар партиянын айыл чарба, аялдардын ден соолугу, жолдор жана башка маселелердин чечилишине көңүл буруп жатканына ыраазычылык айтышты жана партиянын Кара-Көл шаарында өткөргөн улуттук оюндарын жылуу маанайда эске салышты.
Бакыт Төрөбаев аксакалдар менен учурашып, алардын ал-абалынан кабар алганы, андан соң 24 жылдан бери элдин жашоосу төмөндөп кеткенине, бийлик элге кызмат кылбай, өлкөнү талкалап ушундай оор абалга алып келип койгонуна, эл карызга тизесине чейин батып калганына өкүнүч менен көбүрөөк токтолуп, партиянын үч жылдан берки аткарып жаткан иштери тууралуу айтып бергени маалымдалды. Төрөбаевдин пикиринде, мамлекеттин Баш мыйзамына эки өзгөртүү киргизүү зарыл: биринчиси - депутаттардын санын кыскартуу, экинчиси - балдарга зордук-зомбулук кылган зөөкүрлөргө өлүм жазасын киргизүү. 
Партиянын карманган идеологиясы “Жердин касиетине”, “Суунун баркына”, “Элдин эркине” негизделери, ага ылайык, 10 000 жумуш орунун түзүү, 60 БСР (бассейн суточного регулирования) куруу максаты коюлганын айтты. 
"Суу товар деп эсептелиши керек. Бүгүнкү күндө 44 миллиард метр куб суудан 10 миллиард метр кубу сакталат, калган 34 миллиард метр куб суу ар кандай арык-жолдор менен сыртка агып кетет, суунун баркын билүү менен элдин эрки болот. Мындан тышкары көздөгөн негизги максат “Калк-Казына” мамлекеттик акционердик коомун жана мамлекет тарабынан айыл чарба продукцияларын сатып алуу системин түзүү болуп саналат”,- деген партия лидери Бакыт Төрөбаев шайлоочуларга жана жалпы кара-көлдүктөргө жакшы тилектерин билдирип, ынтымакка жана биримдикке чакырды.
Материал "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: