"Өнүгүү-Прогресс" партиясы Турдакун Усубалиевдин көз жумганына байланыштуу анын жакындарына көңүл айтты

“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын төрагасы өлкөбүздү чейрек кылым башкарган мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 96 жашында дүйнөдөн кайтканына байланыштуу маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты.
Кыргыз Республикасынын экономикалык-социалдык жана маданий жактан өнүгүүсүн Турдакун Усубалиевичтин эмгегисиз элестете албайбыз. Анын жеке өмүрү өлкөбүздүн жетилип-өсүү доору менен бирге өттү. Ал 70 жыл бою мамлекеттик жана партиялык орчундуу кызматтарды аркалады. Өзгөчө агрардык республикабызды индустриалдаштырууга, завод-фабрикаларыбызды, тоо-кен өнөр жай жана энергетика тармагын өнүктүрүүгө басым койгону маалым. Ошондой эле бүгүнкү күнгө чейин мамлекетибиздеги тарыхый мааниге ээ бир катар курулуштар, имараттар Турдакун Усубалиевичтин жеке аракети менен бүткөрүлгөнү белгилүү.
Ал эми борборубуз Фрунзе шаарынын гүлдөп-өнүккөн доору, бак-шакка бөлөнүп, көчөлөрү гүлгө оронгон көрктүү мезгили Турдакун Усубалиевдин жеке көзөмөлүнөн чыкпаганы улуу муундун эсинде. Советтик республикалардын борбор шаарларынан кескин айырмаланган Фрунзе шаары ушул күнгө чейин туңгуч интеллигенция өкүлдөрүбүздүн сүйүктүү жана сыймыктуу шаары болуп келет.
Турдакун Усубалиевичтин ысымы чыныгы мамлекеттик ишмер катары келечек тарыхыбызда алтын тамгалар менен жазылып каларына терең ишенимдебиз! Анын мамлекеттик ишмердиги жана карыялык нускасы баарыбызга үлгү жана сабак. Ардактуу аксакалыбыздын ыйманы саламат болуп, жаткан жери жайлуу болсун!
“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев
Материал "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду



