super.kg logo
  Саясат  

Турдакун Усубалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштурууга президенттик фонддон 1 миллион сом бөлүндү

 
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 7-сентябрда кол койгон буйрукка ылайык, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Усубалиев Турдакун Усубалиевичти акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштурууга КРнын Президентинин социалдык коргоо жана колдоо фондунан 1 000 000 (1 миллион) сом бөлүндү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле Т.Усубалиевдин сөөгүн жерге берүү иш-чарасын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Буйрукка ылайык, уюштуруу комитетин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев жетектейт. Аталган комитетке сөөк коюуну жана жарандык коштошуу зыйнатын уюштуруу менен байланышкан маселелерди чечүү тапшырылды.   

Белгилүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-сентябрда Тарых музейинде өтөт. Ал 6-сентябрдан 7-сентябрга караган түнү узакка созулган оорудан улам 96 жашында көз жумду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: