Бишкекте доллардын курсу кайрадан көтөрүлүп, 1 доллар 67 сом 20 тыйындан сатылып жатат

Бүгүн, 8-сентябрда өлкөдө доллардын курсу кайрадан кескин көтөрүлдү. Бишкектеги акча алмаштыруучу жайлар 1 долларды 66 сом 90 тыйындан сатып алып, кайра 67 сом 20 тыйындан, еврону 74 сомдон сатып алып, 74 сом 50 тыйындан, ал эми рублду 96,5 тыйындан сатып алышса, 97,5 тыйындан сатып жатышат. Бир сутка ичинде доллардын наркы 1 сомго, евронун наркы 1 сом 20 тыйынга чейин кымбаттады. Ал эми рубль наркы акыркы аптада бир нукта сакталууда.
Автор: Жамалидин Парманкулов
7-сентябрь күнү түшкө маал ушул эле акча алмаштыруу жайларында 1 долларды сатып алуу 66 сом, сатуу 66 сом 50 тыйындан, еврону сатып алуу 72 сом 80 тыйындан, сатуу 73 сом 20 тыйындан болуп жаткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.