Өлкөдөгү жогорку окуу жайларда аскердик кафедралар жоюлушу мүмкүн



Өлкөдөгү жогорку окуу жайлардагы аскердик кафедраларды жоюу демилгеленүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда маалымат жыйындын жүрүшүндө Коргоо министрлигинин Жергиликтүү түзүмдөрүнүн башкы аскер башкармалыгынын жетекчиси Руслан Абдрахманов билдирди.
Анын айтымында, тиешелүү мыйзам долбоору даярдалып, учурда кароого жөнөтүлгөн. "Альтернативдик кызмат - кыргыз жергесинин жарандарына мөөнөттүү аскердик кызматтын ордуна алардын диний көз караштарын, үй-бүлөлүк абалын, ден соолугунун абалын, соттолгондугун эске алуу менен сунушталган кызматтын бир түрү",- деп эскертти Абдрахманов.
"Акыркы 5 жылдын ичинде альтернативдик кызматка чакырылгандардын көбү ден соолугунун абалы боюнча чакырылгандар. Бирок 2013-жылдан баштап альтернативдик кызматты өтөгөнгө каалоосу бар жарандардын саны кыйла азайды. Ден соолугунун абалы боюнча альтернативдик кызматка чакырууну жокко чыгаруу биринчи кезекте аскердик комиссариаттардагы коррупцияны жоёт. Экинчиден, мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылуучулардын контингенти жогорулайт, мындан улам чакырылып жаткан жаш толуктоолордун сапатынын жакшырылышына алып келет",- деди Коргоо министрлигинин өкүлү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.