Кыргыз-тажик чек арасында чек арачылар видео тартып жаткан Австриянын жаранын кармашты

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында Австриянын жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда КРнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, австриялык жаран Кыргыз Республикасына Тажикстандан келген. "Ал Алай районунун Сары-Таш айыл аймагында пилотсуз учуучу аппарат аркылуу видео тартып жаткан. Анда чек арада болууга жана видео тартууга уруксат берүүчү документтери жок болгон. Чек арачылар аны УКМКнын жергиликтүү бөлүмүнө жеткиришти",- деп билдирет мекеме.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
0

корушпойбу,эмнени тартканын
корот эле да.