super.kg logo

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциянын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

 

Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекцияда "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" фактысы аныкталды. Бул тууралуу 8-сентябрда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тендердик документтерди текшерүү учурунда "Мамлекеттик сатып алуулар" жөнүндө мыйзамдын сакталбагандыгы аныкталган. 2013-жылдын августунда дирекциянын директорунун милдетин аткаруучу болуп Б.А. иштеп турган учурда Кара-Ой айылындагы тегирменге жабдууларды сатып алуу боюнча тендердик комиссия түзүлгөн. Комиссия тарабынан протокол түзүлүп, тендер өткөрүлгөн. Жабдуу сатып алууга 1 миллион 700 миң сом бөлүнүп, тендерге эки аткаруучу катышкан. Комиссия тендерге катышып жаткан аткаруучулардын бири менен мыйзамсыз келишим түзгөн.

Натыйжада тендер мыйзамсыз өтүп, келишимдин шарттарына жооп бербеген жабдуу алынып келинген. Бул боюнча "алдамчылык", "шалаакылык", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен кылмыш иши козголду. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: