Күч түзүмдөрүнүн ардагерлери укуктары корголбой жатканын айтып чыгышты



Күч түзүмдөрүнүн ардагерлеринин укуктары корголбой жатат. Мындай пикирин Коргоо министрлигинин ардагери Анвар Сартаев бүгүн, 8-сентябрда маалымат жыйынында айтып чыкты. Сартаевдин айтымында, күч түзүмдөрүнүн 15 миңден ашуун ардагери алардын камын ойлогон гана партияга добуш бермекчи.
“Биз 14 партияга тең кайрылып, 8 пункттан турган кем-карчыбыз жөнүндө кат жазып бергенбиз, бирок алардын бирөөсү гана бизге көңүл бөлдү",- деди ал.
Ошондой эле ардагерлер Жогорку Кеңештин кезектеги чакырылышынан республикалык офицерлер үйүн курууну талап кылышарын кошумчалады.
"Биз Жогорку Кеңештин жаңы курамынан Бишкекте республикалык офицерлер үйүнүн курулушун күтөбүз. Анткени КМШ мамлекеттеринин арасында мындай үйү жок жалгыз гана биз калдык”,- дейт ардагер. Мындан тышкары ал ардагерлердин ушул сыяктуу дагы 7 талабы бар экенин айтты.

