Алмамбет Шыкмаматов: “Ата Мекен” сот реформасын жүргүзүп, коррупцияга каршы күрөштү улантат”




“Ата Мекен” партиясынын талапкерлери Алмамбет Шыкмаматов менен Нурбек Сыдыгалиев Нарын облусунун Кызыл-Эмгек аймагында жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Жолугушууда жергиликтүү тургундар талапкерлерди жылуу кабыл алышты. “Ата Мекен” Кыргыз Республикасынын келечеги үчүн маанилүү көйгөйлөрдү чече ала турган партия экенине токтолуп, ишеним артышарын белгилешти. Ошондой эле аймактагы бир катар көйгөйлөрдү айтып, аларды чечүү жолдорун караштырууну талапкерлерден суранышты.
Ал эми талапкерлер алдыдагы шайлоонун маанилүүлүгү туурасында калкка түшүндүрүп, өлкөдө жаңыдан түптөлүп келе жаткан парламенттик демократияны өнүктүрүүгө салым кошууга жана саясий процесстерге активдүү катышууга үндөштү.
“Ата Мекен” өлкөдөгү туруктуулукту камсыз кылуу аракетин көрөт жана жарандардын жыргалчылыгы үчүн кызмат кылат. Өзүңүздөр билесиздер, “Ата Мекен” партиясы - сот реформасын жүргүзүп, өлкөдөгү коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы аёосуз күрөш жүргүзүү демилгесин көтөрүп чыккан партия. Сиздердин колдооңуздар менен бул ишти дагы улантат”, - деди Алмамбет Шыкмаматов.
Мындан тышкары жолугушууда аймактагы социалдык маселелер да айтылып, аларды чечүү жолдору караштырылары убадаланды.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
7:29
2015-10-03
2:21
2015-10-03

23:53
2015-10-02

Рейтинг:
0

