super.kg logo

Бразилияда селсаяк барымтага алынган айымды сактайм деп өзү каза болуп калды

 

Бразилияда селсаяк барымтага алынган айымды сактайм деп өз жанын курман кылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, Сан-Паулу шаарында тапанча менен куралданган адам айымды жерге кулатып, аны өлтүрөм деп коркутуп жаткан. "Муну көрүп калган тургундардын айрымдары видеого тарта башташса, селсаяк Франциско Эразмо Родригес де Лима барымтага алынган айымды сактоого аракет жасаган. Ал куралчан адамдын жанына келип, аны түртүп, айымды бошоткон. Куралчан адам полиция кызматкерлери тарабынан өлтүрүлгөнгө чейин селсаякка эки ок чыгарууга жетишип калган. Мындан улам Родригес де Лима ошол жерден каза тапкан",- деп жазышат басылмалар.

Бул окуядан кийин интернет колдонуучулар айымдын өмүрүн сактап калган селсаякты акыркы сапарга узатуу зыйнатын татыктуу өткөрүүгө бийликти чакырды.

Полициянын маалыматына ылайык, барымтага алган куралчан кылмышкер уурдоо, материалдык зыян келтирүү жана денеге залал келтирүү боюнча жалпысынан 22 жыл абакта отуруп чыккан.






Селсаяк барымтага алынган айымды сактайм деп өзү каза болуп калды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
08.09.2015. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат баатыр экенсин красавчик!
08.09.2015. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баатыр экен.
09.09.2015. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кыйынчылыкты коргон билген тушунгон баягыле бечара да. олуп да калыптыр. Байдын балдары видеого тарткандар болсо керек.
Медиа-портал
30.04.2016. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бечара эрдик кылыптыр байкуш
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: