super.kg logo

Өкмөт жооп берет: "Кирди-чыкты" деген белги үчүн Украинага барган кыргыз мигранттары кайра Орусияга кире албай жатышат. Аларга ким жардам берет?

 

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда "Суперстандагы" "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. 

Суроо: Биз Орусияда иштейбиз. Документтердин айынан Орусияда жүрүү мөөнөтү бүткөндө Украинага барабыз, "өлкөдөн кирди-чыкты" деген белги үчүн. Жакында эле мен да барып келдим. Кайра Орусияга кирер алдында Федералдык миграциялык кызматтын өкүлдөрү бизди суракка алышты. Анда "Аскерге баргансыңбы? Үй-бүлөң барбы?" деген суроолор берилди. Кээ бир кыргыздарды Орусияга киргизбей коюшту. "Кыргыз жерине Киев аркылуу өткүлө" деп жатышат. Киев-Бишкек каттамы дээрлик жокко эсе. Менимче, алар бизди согушка түртүп жатышат. Көп кыргыздар кайра Орусияга кире алышпай Украинанын аймагында турушат. Миграция кызматынын суракка алганын кандай түшүнсөк болот? Кыргыздарга колдоо болобу?

Жооп:Кыргыз Республикасынын жарандары Орусия Федерациясынын аймагында чет мамлекеттин жараны болуп эсептелишет, ошого байланыштуу алар жергиликтүү мыйзамдарды сыйлоого жана сактоого тийиш.

Өз кезегинде Орусиянын тийиштүү органдары чет элдик жарандарды Орусия Федерациясынын аймагына киргизер учурда алардан түрдүү суроолорду суроого мүмкүнчүлүгү, укугу бар. Бирок сиздер койгон «Аскерге баргансыңбы? Үй-бүлөң барбы?» деген суроолоруна кандай жооп берген кезде да, ал жагдай Орусиянын аймагына кирүүгө тоскоолдук жаратпайт.

Υстүбүздөгү жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасы жана Орусия Санкт-Петербургдагы экономикалык форумдун алкагында кыргыз мигранттарына байланышкан келишимге жетишишкен. Келишимдин негизинде Орусияга кирүүгө 3 жылга чейин тыюу салынган кыргыз жарандары үчүн бул чектөөнү жоюу тууралуу (андагы негизги шарт: мигрантка тыюу салынган мөөнөттүн кеминде жарымы аяктаган болушу керек) жана Орусиянын аймагында миграциялык мыйзамдарды бузуу менен жүргөн кыргыз өлкөсүнүн жарандарына 2015-жылдын 10-июлунан тартып 2015-жылдын 1-ноябрына чейин эч кандай тоскоолдуксуз Орусиядан чыгууга жана кайра кирүүгө уруксат берилген. Бул чечим алардын Орусияда легалдуу жүрүшүнө жана эмгектенүүсүнө мыйзамдуу шарт түзөт.

Жогоруда жазылган мөөнөттө кыргыз жарандары Орусиянын аймагынан Украинага чыгып, кайра Орусияга кире албай калышса, анда алар тез арада Кыргыз Республикасынын Украинадагы жана Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө кайрылуусу абзел.

Даректери:

- Украина, Киев шаары, Павловская көчөсү, 26/41, 5/ Асекциясы, 108-кеңсе. Тел./факс: (+380-44) 500-59-36, e-mail: embassy.kg.kiev@sivercom.net

- Орусия Федерациясы, Москва шаары, Большая Ордынка көчөсү, 64.

Тел.:(+7-499)237-46-01, факс:(+7-499)237-44-52, e-mail: info@kyrgyzembassy.ru

Суроого Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нурлан Сүйөркулов жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
08.09.2015. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык эмне антип жатты экен.биз да жакынкы аралыкта Казакстандын чек арасына чыгып келишибиз керек.кооптуурак го...же Украинадале ушундайбы абал?
08.09.2015. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Украинага жетпей эле, Россиянын чек арасынан чыгып кайра кирип жатышат, ушул озу мыйзамга туура келеби? Мына ушул суроого да конул болсо,элдерге тушундуруп берсе жакшы болмок.Чет жерде жургон туугандарыбызды Кудайым озу сактасын.
08.09.2015. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eli75, ортодогу нейтралдуу деген зонадан эле кайра киришет.Чек арадан чыгып кайра кирди деген эле белги керек да бизге.
09.09.2015. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Eli75, кирди чыкты кылыш учун эки кун убакыт кетет. Жол азабы кор азабы. Дагы хохолдордун кагуусу. Ал жакта киргизбей жаткан себеби департ кылабыз болбосо акча бер дешет. Олду дегенде 5 000 ден 15 000 рублей сурашат. Акчаны суйушот. Эч ким согушка даярдабайт. Жон гана акчаны суйушот ошол. Москвада 3 жыл болду жургонумо. Ал жака канча жолу кирди чыкты кылдым. Согуш болгонуна бир жыл болду го. Согушка бизди даярдап кок мээ эмес алар. Согушка даярдагысы келсе качан эле Орусияга киргизмек эмес....
08.09.2015. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы супер инфо,уч жылга кара тизмеге киргендер бир жарым жылы толук бутор замат эле чыгат бекен кара тизмеден же дагы кутуш керекпи? Алдын ала рахмат.
08.09.2015. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
modem4999, саламатсызбы!
Сурооңузду бул жакка калтырып койсоңуз: http://www.super.kg/superstan/index.php?showforum=85
08.09.2015. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу кирди чыктысынанда,россиясынан да тажадык, деги качан мамлекетибиз онолот окмот ушуга жооп берсинчи? Качан кайтып келебиз жок дегенде жарымыбыз?
09.09.2015. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казакстанга барып 5, 6 сааттан кийин кайра чыгып келе жатсак 24 сааттан кийин чыгышынар керек азыр чыгарбайбыз дейтго томожныйда тургандар же мыйзамда ушундай жазылганбы
09.09.2015. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара тизмеге киргениме 1,5жыл болсо да чыкпайтам го,же арыз жазыш керекпи ФМСке барып?
09.09.2015. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кара тизмеден чыгардык деп жалган маалыматты берип жатышат! Июльдан 1-ноябрьга чейин деген соз курук соз! Мен августтун 27 си учуп домодедовадан кармап калды себебин сурасам статья 322 деп койду мен мн Бирге КР 13 жараны кайтарылды бир кундо!
09.09.2015. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Msto005571, Калп. Черный списоко кирген адам чыкпайт!!! Депутаттар эптеп элди алдап умуттондурот ошол. Калп эле канча минди чыгардык дей беришет. Ишенип болбойт. Сиз туура айтасыз нарушение правил болду эч нерсеге карабайт департ!!!
09.09.2015. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анда умуттонбосок деле болот экен да кара тизме маселеси чечилди дегени менен,баары куру соз экен да чыгардык дегени
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: