Кыргыз ишкерлери октябрда Кытайда өтө турган жарманкеге расмий түрдө биринчи жолу катышышат







Кыргыз жергесинин ишкерлери биринчи жолу расмий түрдө Кытайдагы Кантон жарманкесине катышышат. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрдагы жыйында КРнын Соода-өнөр жай палатасынын Кытайдын Гуанчжоу шаарындагы өкүлү Амир Закиров билдирди.
Анын айтымында, Гуанчжоуда жылына эки жолу өткөн Кантон жарманкесине болжол менен 20-30 ишкер октябрь айында барат.
“Орусия менен Казакстандын ишкерлери аталган жарманкеге расмий түрдө барып, алгылыктуу келишимдерге ээ болушкан. Биздин ишкерлер болсо буга чейин ар кимден угуп өз алдынча барышчу. Айта кетсем, Кантон жарманкеси 56 жылдан бери өткөрүлүп, анын көрүүчүлөрү 1 миллион адамдан ашат. Анда Кытайдан чыгарылган товарлар өз баасында сатылат”,- деди Закиров.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.