Турдакун Усубалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына байланыштуу Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат
9-сентябрда мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт. Ага байланыштуу Бишкектин айрым көчөлөрүндө унаалардын жүрүүсүнө саат 08:00дөн 12:00гө чейин чектөөлөр киргизиле турганын Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Автор: Жамалидин Парманкулов
Чектөө
киргизиле турган көчөлөр:
- Мамлекеттик резиденциядан баштап Тынчтык, Манас кең көчөлөрүнөн Чүй кең көчөсүнө чейин;
- Чүй кең көчөсүнүн Тыныстанов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки аралыгы;
- Жаш Гвардия бульварынын Жибек-Жолу көчөсүнөн Чүй кең көчөсүнө чейинки аралыгы;
- "Ала-Арча" көрүстөнүнө жакын жайгашкан көчөлөр.
Т.Усубалиев 6-сентябрдан 7-сентябрга караган түнү узакка созулган оорудан улам 96 жашында көз жумду. Бүгүн мамлекеттик резиденцияда маркумдун жакындары аны менен коштошуп жатышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.