super.kg logo

Өзүн "Салык кызматынын төрагасынын жардамчысымын" деп тааныштырган жарандын жанынан эки жасалма күбөлүк жана тапанча табылды

 

Өзүн "Салык кызматынын төрагасынын жардамчысымын" деп тааныштырган жаран эки жасалма күбөлүк жана тапанча менен ИИМдин 10-Башкармалыгы тарабынан кармалды. Бул тууралуу 8-сентябрда Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Маалым болгондой, 7-сентябрда ИИМдин 10-Башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин натыйжасында учурда Бишкек шаарында жашаган, Жалал-Абад облусунда 1991-жылы туулган Ж.А. аттуу жарандын Тойота Прадо унаасы токтотулуп, текшерүүгө алынган. Унааны текшерүүгө алганда анын ичинен эки жасалма күбөлүк жана сыртында ИИМ деп жазылган, бирок ичинде жазуусу жок күбөлүк табылган. Жасалма күбөлүктүн бири кармалган жарандын укук коргоо кызматтарынын биринде иштегени боюнча, дагы бири коррупцияга каршы коомдук бирикменин кызматкери катары иштегени жөнүндө. Ошондой эле унаадан тапанча менен кастет табылган.

Кармалган учурда ал Салык кызматынын төрагасынын жардамчысы экенин айткан. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.09.2015. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: