super.kg logo
  Саясат  

Тышкы иштер министрлигинде кыргыз өлкөсү менен АКШнын кызматташтыгы талкууланды

 
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 8-сентябрда АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Ниша Бисвал менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгынын учурдагы абалын, аймактагы жана башка эл аралык маселелерди талкуулашты.

Министр менен АКШнын Мамлекеттик катчысынын өкүлү Америка тараптын кыргыз жеринде иш алып бара турган долбоорлору жана программаларына байланыштуу көйгөйгө да токтолушту. Тараптар мындан ары да сүйлөшүүлөрдү улантышарын билдиришти.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: