Сириядагы жана Ирактагы кагылышууларга катышууга кыргыз жеринен жалпысынан 122 аял, 83 өспүрүм кеткен
Өлкө аймагында чет мамлекеттерде болуп жаткан куралдуу кагылышууларга кыргыз жарандарын тартуу, жалдоо фактылары уланып келүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө республиканын жүздөгөн жарандары Сирия, Ирак өлкөлөрүнүн аймагында болуп жаткан кагылышууларга ар түрдүү эл аралык террордук уюмдардын курамында катышып жүрүшөт. "Аталган мамлекеттерге кеткендердин арасында 122 аял, 83 жашы жете элек өспүрүм бар. Мындан тышкары Сирияга, Иракка кыргыз жеринен 63 үй-бүлө кеткен. Кагылышууларда 45 кыргыз жараны өлгөндүгү жөнүндө да маалымат бар",- деп билдирет мекеме.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

тез берип туруш керек,
ошондой эле интернеттен
да бериш керек.Ошондо
коруп,окушуп баруудан
баш тартышат.