super.kg logo

Жайыл районунда мунайзат ташып бараткан унаа оодарылып кетти

 

Жайыл районунда 8-сентябрь күнү саат 14:00 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 110-чакырымында Кочкор-Ата шаарынан Кара-Балта шаарына бара жаткан мунайзат ташуучу Даф үлгүсүндөгү унаа жолдун жээгине оодарылып кеткен. Анын кесепетинен унаадагы 34 тонна мунайзаттын 3 тоннасы жолдун четине, азыраак бөлүгү Кара-Балта суусуна төгүлгөн. Бул тууралуу 9-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя болгон жерге ӨКМнын Жайыл райондук бөлүмүнүн башчысы жана жол-кайгуул кызматкерлери барышып, жеке менчик крандын жардамы менен унааны тургузушкан. Унаанын айдоочусу Бишкек шаарынын Зелёная көчөсү-47 дарегинин тургуну, 1987-жылы туулган Р.Исакжанов болгон. Жол кырсыгынан жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Жайыл райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна суудан үлгү алып, суунун ичүүгө жарактуулугун аныктоо үчүн анализдөө иштери жүргүзүлүүсү зарыл. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.09.2015. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаман болуптур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: