super.kg logo

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев: "Таш-Көмүрдүн өнүгүүсүнө бардык мүмкүнчүлүктөр бар"

 

"Ар бир жаран адилеттүү жана таза коомдо жашоого татыктуу". "Биздин максат - жарандардын аң-сезиминен коррупция, паракорчулук өңдүү түшүнүктөрдү түп орду менен жоготуу". Мындай тезистерди бүгүнкү күндө өлкөбүздүн бардык аймагын түрө кыдырып жүрүшкөн "ата мекенчилердин" оозунан угууга болот. 

Партиянын маалымат кызматынын билдиришинче, үгүт кербенинин жүрүшүнүн алкагында Таш-Көмүр шаарынын тургундары менен жолугушууда партия төрагасы Өмүрбек Текебаев: "Коррупция - коомдун түпкү баалуулуктарына жана мамлекеттин ишмердүүлүгүнө шек келтирген балакет, улуттук коопсуздукка келтирилген түздөн-түз коркунуч",- деди.

Текебаевдин айтымында, эгерде коррупциялык көрүнүштөр жоюлса, бир кезде түштүктөгү өнөр жай борбору болуп эсептелинген Таш-Көмүр шаарынын бутка туруп, өнүгүүсүнө бир топ шарттар түзүлмөк. "Таш-Көмүрдө эбегейсиз көмүр запастары, ишке кире албай турган бир топ ишканалар бар. Андан тышкары жакында ферросплав жана кремний иштете турган завод ачылганы турат",- деди партия жетекчиси.

Шаарды таза суу менен камсыздоо маселеси "Ата Мекендин" программасында каралганын айткан Өмүрбек Текебаев: "Анткени дал ушул "Ата Мекен" партиясы 2 жыл мурун "электр энергиясын сатууда андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү электр энегиясын иштеп чыккан шаарларда калуу керек" деген сунушту киргизип, ал сунуш ишке ашып, бүгүнкү күндө Таш-Көмүр менен Кара-Көл шаарларынын жергиликтүү бюджетине жылына миллиондогон сомдор түшүп жатат. Эгерде ал каражаттар рационалдуу пайдаланылса, бул шаарлардын инфраструктурасын өзгөртүүгө бир топ көмөк болот",- деп билдирди. 

Өмүрбек Текебаев учурда Бишкек шаардык жылуулук станциясы көмүрдүн дээрлик көбүн, жергиликтүү көмүр турганына карабастан, коңшу мамлекеттерден аларын, ошондой эле энергетика тармагындагы бир катар көйгөйлөргө токтолуп, бул тармактын өнүкпөй жаткандыгы бул системдин коррупциялашып кеткенинен кабар берет деген оюн билдирди.

"Тилекке каршы, 20 жыл ичинде биз электр энергиясын экспорттоочу өлкөдөн аны импортоочу өлкөгө айландык. Энергетика тармагына бирдиктүү реформалар керек, бул тармакты өнүктүрүү биздин программада каралган",- деди Текебаев.

Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды. 

 


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: