"Кумтөрдөн" 8 айда республикалык бюджетке 4,3 миллиард сом салык түштү
2015-жылдын такталган
бюджетинде "Кумтөрдөн" алынган дүң кирешеге салыктык түшүүлөр 5 миллиард 515 миллион сом
өлчөмүндө каралган. Каржы министрлигинин билдиришинче, бул сумма жалпы салыктык түшүүлөрдүн 6,9 пайызын түзөт.
2015-жылдын 8 айынын жыйынтыгында салыктын бул түрү боюнча республикалык
бюджетке 4 миллиард 332 миллион сом түшкөнү айтылды.
Автор: Автандил Добулбеков
"2016-жылга республикалык бюджеттин долбоорунда "Кумтөрдөн" алынчу дүң кирешеге салыктын суммасы 5 миллиард 363 миллион сом өлчөмүндө болжолдонууда. Бул ишканадан салыктык түшүүлөрдүн эсеп-кысабы 2016-2018-жылдарга "Кумтөрдүн" өндүрүшүнүн болжолдонгон көлөмдөрүнүн негизинде, "Кумтөр" боюнча макулдашууда белгиленген дүң кирешенин 13 пайыздык ченинде жүргүзүлгөн. Салыктын бул түрү боюнча түшүүлөр толугу менен республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш",- деп билдирет министрлик.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
0

