super.kg logo
  Саясат  

Эксперттер "Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинде коррупциялык тобокелчиликтер көп" дешти

 
Кыргыз мамлекетинин Коргоо кеңешинин жумушчу тобунун жыйынында эксперттердин Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигиндеги коррупциялык тобокелчиликтер боюнча отчёттору угулду. Коргоо кеңешинин катчылыгынын билдиришинче, эксперттер аталган агенттикте коррупциялык мүмкүнчүлүктөр кенен экенин белгилешет. Анткени Жаратылышты коргоо фондунун каражатын түзүү жана пайдаланууда ачыктык жоктугу, жаныбарлардын санын каттоо регламенти жок экени, жапайы жаныбарлардын санынын өсүшү же азайып жатышы боюнча мониторинг жүргүзүлбөстүгү жана башка аргументтер айтылат. 
"Буга карабай аталган мекеменин жетекчилиги эксперттердин баасына макул эмес. Жумушчу топтун эксперттери өздөрү жүргүзгөн жумуш мекеменин эффективдүүлүгүн көтөрүүгө зарыл экенин айтышты",- деп белгиленет маалыматта. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: