super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Сот Данияр Нарымбаевди камакта калтырды

 

Жогорку Сот коррупция боюнча айыпталган Данияр Нарымбаевге карата биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Соттун Жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Данияр Нарымбаевге карата бөгөт коюу чарасын карап, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2015-жылдын 23-июлундагы чечимин күчүндө калтырды. Тагыраак айтканда, Нарымбаевди тергөө аяктаганга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында 2015-жылдын 15-сентябрына чейин камакта калтыруу чечими кабыл алынды. 

Эскерте кетсек, Октябрь райондук соту 23-июлда Нарымбаевди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Бул чечимди Бишкек шаардык соту 12-августта күчүндө калтырган.

Данияр Нарымбаевге 22-июлда Кылмыш кодексинин “коррупция”, “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна убактылуу камакка алынган эле. Экс-чиновник "Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин иши Жогорку Сотто каралганда жардам берүүнү убадалап, анын жакындарынан ири суммада пара алган" деп күнөөлөнүүдө. Бул чуулгандуу окуя менен кененирээк бул жактан тааныша аласыз






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: