Кыргыз мамлекетинде 900дөй социалдык кызматкер 10 миңдей адамга кам көрүүдө
Социалдык өнүгүү министрлиги "социалдык кызматкер" адистигине карата мамилени өзгөртүүгө киришти. Бул тууралуу социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев Бишкекте өткөн семинарлардын биринде айтканын бүгүн, 9-сентябрда министрликтен билдиришти.
"Бүгүнкү күндө мамлекетибизде 900дөн ашык социалдык кызматкер бар. Алардын моюнуна 10 миңдей улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга кам көрүү түйшүгү жүктөлгөн. Албетте, алар жетишпейт. Бул көйгөйдү кантип чечерибиз калктын аярлуу катмарына социалдык кызмат көрсөтүүгө тикелей таасирин тийгизет. Даректүүлүк жана эффективдүүлүк - биздин социалдык саясаттын өксүгү. Мындайда социалдык кызматкерлердин ролу мааниге ээ, анткени алар калк менен түздөн-түз иштешет, кимге социалдык жардам керектигин аныктоого жардамдашат",- деди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
1

