super.kg logo

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II эң узак мөөнөткө бийлик кылган монарх катары рекорд койду

 
Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II эң узак мөөнөткө бийлик кылган монарх катары рекорд койду.
1953-жыл. Ханышанын таажы кийүү салтанатынан көрүнүш. Бул иш-чараны телевизордон көрүү мүмкүнчүлүгү биринчи жолу түзүлгөн.
24-июнь, 2014-жыл. Елизавета II менен ханзаада Филипп "Игра престолов" сериалын тартуучу топ менен жолугушуу учурунда.
7-декабрь, 2009-жыл. Елизавета II ырчы Леди Гага менен кайрымдуулук концерт учурунда.
22-март, 2001-жыл. Елизавета II "Гарри Поттердин" автору Жоан Роулинг менен.
10-октябрь, 2014-жыл. Елизавета II актриса Анжелина Жолинин Ыйык Георгий менен Ыйык Михаил орденин алган айымдардын катарына кошулуу аземинде.
Улуу Британиянын ханышасы, 89 жаштагы Елизавета II эң узак мөөнөткө бийлик кылган монарх катары рекорд койду. Буга чейинки рекорд Улуу Британияны 1837-1901-жылдары башкарган ханыша Викторияга таандык болгон. 
Бүгүн кечинде азыркы ханышанын такка отурганына 63 жыл 217 күн болот (ханыша Викториядан бир күнгө көп). Бул күндү Елизавета II кадимки иш күнү катары баалаган. Ошондой эле жолдошу менен темир жолдун расмий ачылышына катышат.
1952-жылы Елизавета II 25 жашында такка отуруп, Бириккен Улуу Британия Падышалыгы, Түндүк Ирландия жана 15 мамлекеттин улутун бириктирген Шериктештиктин ханышасы аталган. Ханышанын таажы кийүү салтанатын телевизордон көрүү мүмкүнчүлүгү биринчи жолу түзүлгөн. 
Елизавета Александра Мария 1926-жылы 21-апрелде туулган. Ал герцог Эдинбургскийге 21 жашында турмушка чыккан. Ханыша менен ханзаада Филипптин 4 баласы, 8 небереси жана 5 чөбөрөсү бар.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.09.2015. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында рекорд.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: