super.kg logo

Кара-Суудагы 1-класста окуган баланын өлүмүнөн улам ата-энелер жол тосууга чыгышты

 

Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында 1-класстын окуучусунун жол кырсыгынан каза болгондугунан улам бүгүн, 9-сентябрда түшкө маал Жаңы-Арык айылынын тургундары Ош-Бишкек унаа жолун тосууга чыгышты. Жол тосууга чыккан эл 10-15 мүнөттөн соң тарап кеткенин ИИМдин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев SUPER.KG'ге кабарлады. 

Район акими жана Ош облустук ИИБинин башчысы чогулган эл менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, талаптарын укканын айтты. 

"Жаңы-Арык айылынын эли мектеби жол боюнда болгондуктан, унаалардын ылдамдыгын азайтуучу тосмо жана жол чырак орнотуп берүү, же болбосо жер астынан өтүүчү жол салып берүү талабын коюшту. Тургундар түшүндүрүү иштеринен соң тарап кетишти. Бирок эл аралык нормадагы жолго унаалардын ылдамдыгын азайтуучу тосмо коюлбайт. Алардын койгон талаптары боюнча аракеттер көрүлмөкчү болду",- деди Ашырбаев. 

Ал эми мектеп окуучусун сүзүп кеткен жаран учурда убактылуу кармоочу жайда экенин кошумчалады. "Жалал-Абад облусунун 1958-жылы туулган тургуну жолдо баратканда алдынан бала чыга калып, аны байкабай унаасы менен сүзүп алган. Андан кийин дароо баланы унаасы менен ооруканага жеткирген, бирок бала каза болуп калган. Ошол эле замат айдоочу суракка алынып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген",- деди ал. 







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
09.09.2015. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кырсык да эми.Жаман болуптур.
09.09.2015. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ар жерде мени шайлап кой деп жугуруп жургон партияларга айтышбаптырда.Жол чырактарды орноткула биз шайлайбыз силерди деп.
09.09.2015. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aikol87,азыр жеп жутарларыбыздын арасында мечит салуу модага айланып калган.А сен айткан жол чырактарды коюшса жолдорду ондосо чон соопко дагын калышат эле
09.09.2015. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жол чырак койсо жакшы болмок
09.09.2015. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кырсык каш менен кабактын ортосундада. Кудай озу сактасын.
09.09.2015. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Iiy jaman boluptur kaza bolgon balanyn ata-enesine sabyr bersin elestetip alyp jurogum ooruup ketti .bizdin ayilda bolupturda mektebibiz joldun boiunda ozu.kyrsyk kaw kabak ortosunda suzgon kiwi dele kaaryle okwoit korboi kalgango.
09.09.2015. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озу мектептин жанында секин айдаш керек,мына россияда каникулдада секиин айдап отот а бизге баарибир
10.09.2015. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акырын айдаш керек андай жерден, биздин айдоочулар болсо тескеринче сенден мурун басып отуп кеткенге аракет кылат.
10.09.2015. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качпай баланы ооруканага алып барганы жакшы болуптур. Баланын ата энесине сабыр берсин. кудайым уулунардын жанын жанаттан кылсын.
10.09.2015. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз мектепте окуп жургон убакта 2004,2005 жылдары болсо к.к конушубуздун уйно тууганы келип ушул мектепте окуп жаткан окуу жыл башында эле каттуу сузуп кетип органдары чачылып кеткен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: