super.kg logo

Ысык-Көлдө кырсыктан улам каза тапкан жарандын туугандары "күнөөлүү айдоочуну милиция коргоп, ишти сотко жеткирбей жатат" дешүүдө

 
Ысык-Көлдө кырсыктан улам каза тапкан 32 жаштагы Мирбек аттуу жарандын туугандары "күнөөлүү айдоочуну милиция коргоп, ишти сотко жеткирбей жатат" деп арызданып, SUPER.KG порталына кайрылышты. Алардын айтымдарында, кырсык 2014-жылдын 19-мартында Балыкчы-Каракол унаа жолунда саат 20:00 чамасында орун алган. 
"Жолдун боюнда бараткан Мирбекти сүзүп кеткен Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа (мамлекеттик номери B 8269 AL) "Ак-Каз" ишканасына таандык экени бизге белгилүү болду. Жергиликтүү милиция күнөөлүүнү издеп таап, камакка отургузган болчу. Бирок бир нече убакыттан кийин аны бошотуп коюшуптур, унааны да айып жайдан тез эле чыгарышкан экен. Бул ишти бир нече тергөөчү тергеп, эч кандай жыйынтык чыккан эмес",- дешти маркумдун туугандары.
"ИИМге, Башкы прокуратурага, президентке, өкмөткө кайрылганбызда гана биздин ишибиз жанданган, бирок кийин кайра эле тергөө токтотулуп калган. Биздин оюбуз боюнча, күнөөлүү айдоочунун туугандарынын арасында күч түзүмдөрүндө жогорку кызматта иштегендер бар. Алар бул иштин жанданбашына кызыкдар болуп, аны сотко жеткирбей жатышы мүмкүн",- деп арызданышты Мирбектин туугандары.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
09.09.2015. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ии бечаралар. жаман болуптур да
09.09.2015. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айдоочу байкоосуздан болсо да адам олумуно кириптер болду. Андыктан тиешелуу жазасын алсын, маркумдун жаткан жери жайлуу болуп,жаны жай алсын!
10.09.2015. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АЙДОочу адам олтуруп алганын билип туруп кантип жазадан качып журот болдукен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: