Кемин районунда мал уурулукка шектелип 17-18 жаштагы балдар кармалышты
Кемин районунда мал уурулукка шектелип 6 адам кармалды. Бул тууралуу 9-сентябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка караганда, аталган райондун 39 жаштагы тургуну А.Н. кайрылып, 19-апрелде белгисиз адамдар үч коюн уурдап кетишкенин билдирген. Ушундай эле арыз менен Ак-Түз айылынын 45 жаштагы тургуну С.Р.кайрылган. Мындан сырткары Жаңы-Жол айылынын тургуну, 56 жаштагы У.Ж. 4 кою уурдалганын айтса, Кичи-Кемин айылынын жашоочусу С.М. эки торпогун белгисиз адамдар уурдап кетишкенин маалымдаган. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 17-18 жаштагы 5 адам жана 32 жаштагы жаран кармалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.