Кыргыз жоокерлери Орусияда "Өз ара аракеттенишүү-2015" машыгуусуна катышууда
Кыргыз мамлекетинин жоокерлери Орусияда "Өз ара аракеттенишүү-2015" машыгуусуна катышууда. Коргоо министрлигинин билдиришинче, кыргыз өлкөсүнүн 50дөй жоокери куралдуу кагылышууну токтотуу, мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жок кылуу, өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу, маанилүү стратегиялык объекттерди, курал-жарактарды, аскер техникаларын кайтаруу боюнча күчүн көрсөтүштү. Машыгууга Орусиядан, Армениядан, Беларустан, Казакстандан, Тажикстандан 4 миңдей жоокер катышып жатканы айтылат маалыматта. Машыгуу бүгүн, 10-сентябрда жыйынтыкталат.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















