Өлкөдө 4441 шайлоочунун дареги такталбай жатканы айтылды
Парламенттик шайлоого карата шайлоочулардын тизмесин тактоо иштери уланууда. Мамлекеттик каттоо кызматынан 10-сентябрда билдиришкендей, республикада дареги такталбаган 4441 жаран бар экени аныкталды. Булардын дарегин тактап, тийиштүү шайлоо тилкелерине бөлүштүрүү зарылдыгы айтылды. "Жарандардын конституциялык укугун камсыз кылуу аракети көрүлүүдө. Дареги такталбаган жарандардан 19-сентябрга чейин Мамлекеттик каттоо кызматына (тел.: 0312 98 61 41) кайрылып шайлоо тилкелерине бөлүштүрүүгө керектүү документти толтуруу үчүн өзүнүн дарегин кабарлоону өтүнөбүз",- деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, өлкөдө парламенттик шайлоо 2015-жылдын 4-октябрында өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:11
2025-11-10
15:14
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















