Өмүрбек Текебаев: "Ата Мекенде" мыкты команда түзүлдү"




“Ата Мекен” партиясынын үгүт кампаниясынын алкагында лидер Өмүрбек Текебаев баштаган алгачкы бештиктеги талапкерлер республика боюнча сапарын жигердүү улантышууда. Партиянын штабынан билдиришкендей, кезектеги жолугушуу Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы борбордук стадиондо өттү.
Жолугушууга агылып келген элдин саны 10-12 миңге чукулдаганы, чогулгандарга алгач “Ата Мекен” социалисттик партиясынын басып өткөн жолу тууралуу тартылган кыска метраждуу видеоматериал көрсөтүлгөнү, андан соң партия лидери Өмүрбек Текебаев сөз сүйлөп, алдыдагы шайлоонун мааниси тууралуу ойлорун айтканы маалымдалды.
“4-октябрь - өлкөбүздүн тарыхын аныктай турган күн. Бул күнү кезектеги шайлоо болот, "кезектеги" деп аталганы менен, мааниси чоң. Анткени Кыргыз Республикасы 10 жыл мурун өзүнүн тарыхын тандап алган, кыргыз эли үй-бүлөлүк, жеке бийликтин диктатурасынан чыгып, демократияны орноткон. Бул жолубузду бүткүл дүйнө таанып, колдоп турат. 2010-жылкы революциялык максаттар ишке ашабы же артка кайтабызбы, башталган реформаларыбыз андан ары уланабы же токтойбу, мунун баары 4-октябрдагы шайлоодон көз каранды.
“Ата Мекен” партиясы өзүнүн программасын андан ары улантып, ага толуктоолорду киргизип, бул шайлоого аттанды. Идея, программа, аны иш жүзүндө аткара ала турган адамдар жана алардын тажрыйбасы, кайраты, принципиалдуулугу, өжөрлүгү бар ынтымактуу команда болбосо, ал жөн эле сөз болуп же кагаз жүзүндө кала берет. “Ата Мекен” өзүнүн 10-съездинде ушундай мыкты команданы жыйнап алды”,- деди Өмүрбек Текебаев.
Ошондой эле лидер партиянын алгачкы тизмесиндеги мыкты, кыргыз коомчулугуна белгилүү болгон инсандар туурасында да айтып, ар бирине мүнөздөмө бергени айтылат маалыматта.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
7:29
2015-10-03
2:21
2015-10-03

23:53
2015-10-02

Рейтинг:
-1

