Медеткан Шеримкулов: “Текебаевдин көрөгөчтүгү, позициясына бекем турушу мени "Ата Мекен" менен кызматташууга үндөдү”




“Медеткан Шеримкуловдун биздин катарда турганы символикалуу нерсе. Биз бул киши менен сыймыктанабыз, башка партияларда мындай аксакал, кыргыз тарыхына чыйыр жол салган мындай кишилер жок. Медеткан Шеримкулов Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыкка жетишине эбегейсиз салым кошкон жана мамлекетибиздин алгачкы президенти болгон десем да туура болот. Бул киши өлкөбүздүн көз карандысыздыгынын декларациясына кол койгон. Биринчи Баш мыйзамды иштеп чыгып, кол койдурган. Мындай тарыхый инсан өлкөбүздө жок. Ушул кишинин “Ата Мекен” партиясын тандап алгандыгы биз үчүн сыймык”,- деди Өмүрбек Текебаев 9-сентябрда Каракол шаарында шайлоочулар менен жолугушууда.
Партиянын штабынан билдиришкендей, “Ата Мекендин” катарын толуктап, шайлоого аттанып жаткан легендарлуу инсан Медеткан Шеримкулов эл алдында сөз сүйлөп, кереметтүү Ысык-Көл жергесинен Жогорку Кеңешке депутат болгонун жана эли-жери үчүн ар дайым билимин, тажрыйбасын аябай кызмат кылып келгенин белгиледи.
“Каракол шаарында менин жасаган иштерим калды. Мен сиздердин ишенимиңиздер менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайландым. Кылымдар бою эгемендикти эңсеп келген кыргыз эли көз карандысыздыкка жетишти. Ушул иштин башында мен турдум. Кийин Кыргыз Республикасынын намысын талашып бир катар чет мамлекеттерде иштедим. Эми болсо Кыргыз улуттук университетинде жаштарды тарбиялап жатам. Билимимди, акылымды, тажрыйбамды өлкөбүз жана кыргыз элинин жыргалчылыгы үчүн жумшап келе жатам”,- деди Медеткан Шеримкулов.
Кандай шартта “Ата Мекен” партиясынын катарында шайлоого аттанып жатканы туурасында да кеп кылды. Айтымында, акыркы 20 жылдан бери анын шайлоолорго катышуусуна бут тосуулар болуп келген. Бирок бул жолу жашы бир топко барып калганына карабай, өлкөдө кадыр-баркы бар, белгилүү болгон “Ата Мекен” партиясынын тизмесинде шайлоого катышууну чечкенин айтат.
“Ата Мекен” - Кыргыз Республикасында эң алгачкы болуп түзүлүп, ошондон бери өзүнүн позициясына бекем туруп, адилетсиздикке каршы күрөшүп келе жаткан жалгыз партия. Бул партияны негиздеген Өмүрбек Текебаевдин көрөгөчтүгү, жүргүзгөн саясаты жана позициясына бекем тургандыгы мени бул партия менен кызматташууга үндөдү. Партиянын өзү кыргыз элинин келечегин, мамлекеттин тагдырын ойлоп, ак ниеттен иш жүргүзгөн инсандардын башын бириктирет”,- деди Шеримкулов.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
7:29
2015-10-03
2:21
2015-10-03

23:53
2015-10-02

Рейтинг:
2

