super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин аппаратынын бир катар кызматкерлери сыйланышты

 

9-сентябрда Жогорку Кеңештин аппараты менен иш башкармалыгынын бир катар кызматкерлерине парламенттин сыйлыктары берилди. ЖКнын маалымат кызматынын билдиришинче, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков көп жылдык эмгеги, парламентаризмди өнүктүрүүгө жана улуттук мыйзамдарды өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн бир катар кызматкерлерге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Ардак грамоталарын тапшырды. Алар:

Чатыркүл Бекишева – Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитеттин бөлүмүнүн сектор башчысы;

Алзира Турдуева – Эл аралык иштер боюнча комитеттин бөлүмүнүн эксперти;

Нурбүбү Жакыпова – Котормо жана редакциялоо бөлүмүнүн катчы-референти;

Толгонай Стамалиева – Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын мурунку жетекчиси;

Света Болжурова – Юридикалык бөлүмдүн эксперти;

Султан Бокошев – Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитеттин бөлүм башчысы;

Бакытгүл Тажибаева – Илимий-изилдөө борборунун сектор башчысы;

Мухамедкожо Жороев – Иш башкармалыгынын каржылоо жана эсеп бөлүмүнүн башкы адиси;

Айбек Алиев – Автотранспорт ишканасынын айдоочусу.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: