super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш коомдук жана мамлекеттик ишмерлерди сыйлады

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 9-сентябрда парламент депутаттарына, билим берүү, илим жана саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү кызматкерлерге жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилерине Жогорку Кеңештин Ардак грамоталары менен КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын сыйлыктарын тапшырды.

Парламенттин маалымат кызматы, сыйлык тапшыруу аземи Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 24 жылдыгына карата өткөрүлгөнүн белгилейт.

Сыйлык алгандардын катарында Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Абдылдажан Акматалиев, И.Арабаев атындагы КМУнун Лингвистика институтунун директору Сыртбай Мусаев, Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары жана башкалар болушту.  






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: