Бишкекте ар кандай жанрдагы “Батыш-чыгыш маектери” Эл аралык көргөзмөсү ачылды (фото)
































Бүгүн, 10-сентябрда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде ар кандай жанрдагы “Батыш-чыгыш маектери” Эл аралык көргөзмөсү ачылды. Иш-чара II Эл аралык "Lions" искусство фестивалынын алкагында өтүүдө. Көрүүчүлөрдүн назарына сүрөтчү, Вюрцбург университетинин профессору Дитер Ляйстнердин (Германия), сүрөтчүлөр Шайлоо Жекшенбаев жана Дмитрий Лысогоров (Кыргыз Республикасы), зергер Виктор Сырнев (Кыргыз Республикасы) жана Европадан келген 20га жакын сүрөтчүнүн эмгектери коюлган. Көргөзмө 20-сентябрга чейин уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:26
2025-08-04
12:56
2025-08-02
Рейтинг:
4

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.