Кочкордун тургундары “Ата Мекенди” бир муштумга биригип колдошорун айтышты



“Ата Мекен” партиясынын Кочкор аймагынан талапкери Сыймык Сапаров Кочкор районунун Чекилдек айылында жергиликтүү эл менен жолугушту. Партиянын маалымат кызматы маалымдагандай, жолугушууга келген 300дөй жаран “Ата Мекен” партиясынын 25 жылдан бери бекем позицияда коррупцияга, үй-бүлөлүк диктатурага каршы талыкпай күрөшүп келатканын белгилешип, алдыдагы шайлоодо партияны бир муштум болуп колдошорун айтышты. Сыймык Сапаров элди шайлоо алдында ар кандай чагымчылыктарга алданбай, ишенбей, өлкөнүн келечеги үчүн адилет жана чын дилден добуш берип, Кыргызстандын тагдырын чече турган саясий окуяга активдүү катышууга чакырды.
“Ата Мекен” өзүнүн алдыга койгон максаттарын ишке ашырууга бел байлап шайлоого аттанып жатат. Буюрса, жеңишке жетебиз. Албетте, бул үчүн сиздердин колдооңуздар жана ишенимиңиздер керек. Шайлоого активдүү катышып, добуш берип коюуңуздарды суранам. Анткени бул шайлоо ар бирибиздин келечегибизди аныктай турган маанилүү саясий окуя”,- деди Сыймык Сапаров.
Жолугушуунун соңунда айыл аксакалдары жаш талапкер Сыймык Сапаровго жана “Ата Мекен” партиясына ак баталарын берип узатышканы айтылды.
Материал "Ата Мекен" саясий партиясынын шайлоо фонду тарабынан каржыланды.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
7:29
2015-10-03
2:21
2015-10-03

23:53
2015-10-02

Рейтинг:
-5

