Интернеттеги добуш берүүнүн азыркы көрсөткүчү "Ата Мекен", "Республика - Ата Журт", КСДПнын жеңүүчү болорун болжолдоодо
Парламенттик шайлоо алдында мамлекетибиздеги эң алдынкы онлайн булактар SUPER.KG, Акипресс жана Дизель "Шайлоодо кайсы партияга добуш бересиз? деген сурамжылоо жүргүзө баштады. Шайлоодо жалпы шайлоочулардын 7 пайыздан ашыгынын добушун алган партия парламентке өтөрүн эске алганда, онлайн сурамжылоонун азыркы учурдагы (10-сентябрь, саат 14:20га карата) көрсөткүчү менен 6 партия алдыда келе жатат. Башкача айтканда, 6 партия берилген добуштардын санына жараша 7 пайыздык чекти басып өтүштү. Алар:
Автор: Автандил Добулбеков
SUPER.KG`де (Кыргызстан боюнча алынган жыйынтык)
"Баарына каршы" пункту - 21,0 пайыз
"Ата Мекен" - 17,0 пайыз
КСДП - 15,0 пайыз
"Республика - Ата Журт" - 14,0 пайыз
"Добуш берүүгө катышпайм" пункту - 10,0 пайыз
"Бүтүн Кыргызстан - Эмгек" - 7,0 пайыз
"Кыргызстан" - 7,0 пайыз.
Акипрессте (Кыргызстан боюнча алынган жыйынтык)
"Ата Мекен" - 15,3 пайыз
КСДП - 15,0 пайыз
"Баарына каршы" пункту - 13,1 пайыз
"Республика - Ата Журт" - 12,0 пайыз
"Өнүгүү-Прогресс" - 11,4 пайыз
"Бир бол" - 9,8 пайыз
Дизелде
"Республика - Ата Журт" - 22,99 пайыз
"Ата Мекен" - 15,63 пайыз
"Бир бол" - 11,03 пайыз
"Баарына каршы" пункту - 8,97 пайыз
КСДП - 7,59 пайыз
"Кыргызстан" - 7,13 пайыз
"Шайлоого барбайм" пункту - 7,13 пайыз
Белгилей кетүүчү жагдай, добуш берүү улантылып жатат. Көрсөткүчтөр өзгөрүшү мүмкүн, онлайн добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берип турабыз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
Рейтинг:
2

