super.kg logo
  Саясат  

Ички иштер министрлиги айрым талапкерлердин үгүт иштерин жүргүзүү ыкмасына нааразы

 
Парламенттик шайлоонун алдындагы үгүт кампаниясында Ички иштер министрлигинин иши тууралуу жалган маалымат айткан талапкерлер болууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда ИИМдин маалымат кызматы билдирүү жасады. 
Министрлик талапкерлердин бири "Эгерде жол-кайгуул кызматкерлери жыйналган айып пулдун баарын бюджетке төгүшсө, сумма азыркыдан кыйла жогору болмок. Жылына 1 миллиард сом түшмөк" деп айтканын айыптап, мындай жалган маалымат айтуунун максаты үгүт иштери учурунда талапкердин өзүнүн имиджин көтөрүү экенин белгилейт. "Буга байланыштуу үгүт кампаниясы учурунда милицияны өзүнүн саясий оюндарына аралаштырбоого жана ИИМдин Жол-кайгуул кызматынын аброюна шек келтирүүчү сөздөрдү айтуудан абайлоого бардык талапкерлерди чакырабыз",- деп билдирет ИИМ.  








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: