Эмилбек Каптагаевдин маянасына 3 жыл ичинде мыйзамсыз кошумча акы төлөнгөнү боюнча кылмыш иши козголду

Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө мыйзамсыз кошумча акы төлөнгөнү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2013-жылдын январь айынан 2015-жылдын июль айына чейин аталган өкүлчүлүктүн башчысы Эмилбек Каптагаевдин, анын орун басарларынын жана башка кызматкерлеринин маяналарына ай сайын 25 пайыз кошумча акы төлөнгөн. Жыйынтыгында мамлекетке 781 миң сом көлөмүндө зыян келтирилген.
Бул факты боюнча "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
-1

Аа жылдызы жанып,жузунон нур чачып турса ал демек мамлекетке пайдасы чоон тийе турган адам.
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.