"Өз ара аракеттенишүү-2015" биргелешкен тактикалык машыгууларында 40 зениттик ракета шарттуу душмандын 21 бутасына тийди







"Өз ара аракеттенишүү-2015" биргелешкен тактикалык машыгууларында 40 зениттик ракета шарттуу душмандын 21 бутасына тийди. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын Маалыматтык камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 1-сентябрдан 11-сентябрга чейин Куралдуу күчтөрдүн аскердик контингенти КМШ АКК (Абадан коргонуу коопсуздугу) бириккен системинин бөлүктөрүнүн атуу боюнча машыгууларына катышууда. Иш-чара Орусиянын Астрахань облусунун “Ашулук” полигонунда өтүп жатат.
Биргелешкен машыгууга Орусиянын Аба-космостук күчтөрүнүн зениттик ракеталык жана радиотехникалык комплекстеринин 200дөн ашык күжүрмөн жана атайын техникалары, 1000ден ашык аскер кызматкерлери катышууда. Ошондой эле Аба-космостук күчтөрүнүн истребителдик, бомбалоочу, штурмалоочу жана алыска учуучу учактары бар.
КМШ өлкөлөрүнүн АКК бириккен системинин машыгуусу 25-сентябрга чейин созулат.
Айта кетсек, бул машыгууга Орусиянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргыз Республикасынын, Армениянын, Тажикстандын Абадан коргонуу күчтөрүнүн 4 миңге жакын аскер кызматкерлери катышууда.



1 |