super.kg logo
  Саясат  

Каржы министрлиги: Бюджеттин ачыктыгы боюнча кыргыз өлкөсү 34-орунду ээледи

 
"Кыргыз мамлекетинде бюджеттик маалыматтын элге жеткиликтүүлүк даражасын аныктоо индекси 2015-жылы 54 баллды түзүп, 34-орунду ээледи",- деп билдирди Каржы министрлиги бүгүн, 10-сентябрда. Мекеменин билдиришинче, кыргыз өлкөсү бул жаатта 67 өлкөнү, мунун ичинде Казакстан, Түркия, Индия, Азербайжанды артка калтырыптыр.

"Бюджеттик ачык-айкындык индекси боюнча акыркы жыйынтык Каржы министрлигинде жетекчи алмашкан кезде бул маселе боюнча ырааттуулук бар экенин айгинелеп турат. Быйыл Каржы министрлиги болжолдуу бюджеттик билдирүүнү, 2016-жылга бюджеттин долбоорун даярдады, азыр 2016-жылга жарандык бюджетти даярдоодо. Учурда бюджеттик ачык-айкындыкты камсыз кылууга карата Эл аралык бюджеттик өнөктөштүктүн талаптарын эске алуу менен негизги бюджеттик документтердин форматтарын иштеп чыгууда",- деп билдирет министрлик. 

Маалымат үчүн:

Индекс 8 бюджеттик документтин жеткиликтүүлүгүнөн түзүлөт. Документтердин катарына: бюджеттик билдирүү, бюджеттин долбоору, бекитилген бюджет, жарандык бюджет, бюджеттин аткарылышы тууралуу жыл ичиндеги отчёттор, жарым жылдык отчёт, жылдык отчёт, аудитордук отчёт кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: